• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 15.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында түз эфир аркылуу көрсөтүлүүдө.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 кг салмакта өзбекстандык Озода Есбергенованы 11:1 жана казакстандык Анастасия Панасовичти 10:0 ири эсепте артта калтырган. Жарым финалда мекендешибиз Кореядан келген Чон Ын-Сунду 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Финалда кыргызстандык спортчу монголиялык Делгерма Энксайханды 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалды тагынды.

Аталган чемпионатка Айпери Медет кызы (76 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Назира Марсбек кызы (57 кг) катышууда. Ал эми Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль жеңип алды.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңген.

Пикир

Оставить комментарий