• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Москвадагы Гран-при мелдешинде атаандашы Ханум Велиеваны утту

Спорт 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Россияда өткөн “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” спорттук күрөш боюнча супертурниринде атаандашы Ханум Велиеваны утту.

Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы килем үстүнө чыгып, 3:2 эсебинде артыкчылык менен жеңишти илип кетти.

Белгилей кетсек, супертурнир 3-декабрда Москва шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип, финалга чыккан. Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон.

Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздап, дүйнө чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий