• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 10.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын спортчусу Мээрим Жуманазарова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Кыргызстандык балбан кыз финалда 68 кг салмак котегорияда кытайлык балбан менен беттешет.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг), Айпери Медет кызы (78 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий