• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду. Видео

Спорт 0


Бишкек, 12.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 кг салмакта алгач польшалык, кийин украиналык спортчуларды жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда франциялык кызга утулуп, коло үчүн күрөшүүгө чыкты.

Үчүнчү орун үчүн кармашууда кыргызстандык спортчу канадалык Даниэль Сюзанна Лаппажды 3:1 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта атаандаштарынын баарын жеңип, алтын тагынган.

Пикир

Оставить комментарий