• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мээрим Жуманазарова Түркиядагы эл аралык мелдеште күмүш байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Ал алгачкы атаандашы россиялык Татьяна Смоляктын далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Ханум Велиевага туш болду. Эки спортчу биринин артынан бири упай топтоп жатып, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн (эсеп 5:5) утуп алды.

Алтын үчүн кармашта мекендешибиз нигериялык Блессинг Оборудудуга 0:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий