• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова Түркиядагы мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгачкы атаандашы россиялык Татьяна Смоляктын далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Ханум Велиевага туш болду. Эки спортчу биринин артынан бири упай топтоп жатып, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн (эсеп 5:5) утуп алды.

Мээрим Жуманазарова буга чейин Россияда өткөн “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышып, Ханум Велиева менен күчүн сынаган. Анда Жуманазарова 68 кг салмакта Велиеваны 3:2 эсебинде артыкчылык менен жеңишти илип кеткен.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы турнирдин жарым финалына өткөн.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий