• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова: Тогуз жылдык эмгегимдин үзүрүн кыргыз элиме арнайм

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Тикиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль уткан Мээрим Жуманазарова бүгүнкү жеңишин кыргыз элине, машыктыруучулары жана ата-энесине арнай тургандыгын билдирди.

Кыргызстандык спортчу беттеш тууралуу айтып жатып, атаандаштарынын баары күчтүү экендигине токтолду.

"Ар бир беттешке даярданып чыгып, коло байгенин ээси болуп олтурам. Олимпиадага бир күндүк же бир жылдык эмгек эмес, чоң эмгек талап кылынат. Бүгүнкү беттешке тогуз жылдан бери даярданып келгем. Эмгегимдин үзүрүн эми көрүп жатам. Алтын медаль утуп, кыргыз элимди кубанткым келген, бирок, коло медалга ээ болдум. Кантсе да кыргыз элимди, ата-энемди кубанттым деген ойдомун", - деген Жуманазарова бүгүнкү жеңишин кыргыз элине, агайларына жана ата-энесине арнай тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий