• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мээрим жылоологон Курман айт маарек болсун! Президент кыргызстандыктарды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.07.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жана дүйнөдөгү жалпы эле момун мусулмандар жамаатын ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук адамзаттын баа жеткис рухий байлыктарынан болсо, Курман айт – дал ушундай баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамдарынын бири.

Элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган Курман айт – бул Жараткандын буйрук-талаптарына баш ийип, ага моюн сунуунун, ыкластуулуктун белгиси.

Ата-бабаларыбыз да илгертен бери Жаратканга жакындоо максатында Курман айтта мал союп, курмандык чалып, куран окуп, жакшы бата-тилектерин айтышкан. Колунда барлар курмандыкка чалган малдын этин муктаждарга таратып, эл арасындагы бир туугандык сезимдерди арттырып, бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөт. Мындай иш-аракеттердин аркасында барга топук, азга каниет кылып, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка үндөп келишкен. Ошентип, калкыбыздын калың катмары кубана турган майрам катары Курман айт коомчулукта тең салмактуулукту жаратып, боордоштук, бир туугандык сезимдерди өркүндөтүп-өрчүтөт. Дегеле курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарат. Ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөт.

Ушул күндөрү бир топ мекендештерибиз ажылыкта ибадат кылып жүргөн учуру.

Жараткан Алла мекендештерибиздин сойгон курмандыктары менен аткарган ажылык парздарын кабыл кылсын деп тилейли.

Жараткан ар кыл этностун жана конфессиянын өкүлдөрү мекен туткан күнөстүү Кыргызстаныбызга жана меймандос кыргызстандыктарга биримдик менен кайрымдуулукту, сабырдуулук менен берешендикти мол берсин.

Бул ыйык күндөрү тилеген тилектерибизди кабыл кылып, ар бир үйгө бакубат турмуш, элибизге ыйман-ырыскы алып келсин, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тартууласын.

Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий