• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

MegaCom 5-октябрдагы түйүндө болгон үзгүлтүк үчүн акысыз байланыш менен камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Урматтуу кыргызстандыктар, 2020-жылдын 5-октябрында MegaCom түйүнүндө жаралган үзгүлтүктөн улам жакындары менен өз учурунда байланыша албай калган абоненттердин алдындагы кемчиликти сезип, анын ордун толуктап берели деп жатабыз.

MegaCom компаниясы тарабынан ар бир абонент акысыз байланыш топтомуна кошулуп, 2020-жылдын 8-ноябрына чейин өзүнө ыңгайлуу болгон каалаган учурунда колдонуусуна шарт түзүү чечими кабыл алынган.

АКЫСЫЗ ТОПТОМДУН ИЧИНЕ 20 ГБ интернет-топтом, түйүн ичинде чектөөсүз чалуулар жана топтомду кошуп алган күндөн тартып түйүн ичинде 24 саат акысыз 100 SMS кирет.

Топтомду кошуп алуу *0510# USSD-командасын терүү менен жеткиликтүү.

Эске сала кетели, техникалык мүчүлүштүктөр MegaCom’дун абоненттеринин байланыш кызматтарынан колдонуусу кескин жогорулап кеткенден улам келип чыккан. Азыркы учурда «Альфа Телеком» ЖАКтын адистери жаралган кемчиликтерди жоюп, байланышты толугу менен калыбына келтиришти.

Пикир

Оставить комментарий