• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

MegaCom аралыктан иштөө жана окутуу үчүн акысыз видеоконференцбайланышты ишке киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Республикабызда карантин жарыяланып, өзгөчө абалдын киргизилгендиги жалпыбызга маалым. Белгиленген эрежелердин туура сактоо менен гана курч жагдайдан чыгууга болот. КРдин Өкмөтүнүн ушул багыттагы сунуштамаларын так аткаруу максатында MegaCom «Видеоконференцбайланыш» кызматын ишке киргизүүдө. Аталган кызмат видеобаяндамаларды, вебинарларды, селектордук кеңешмелерди, аралыктан окутууну онлайн режимде өткөрүүгө жардам берет.

«Видеоконференцбайланыш» кызматы MegaCom абоненттери үчүн жеткиликтүү болуп калды. Кошуу үчүн компаниянын адистери менен байланышып, табыштаманы тариздөө керек.

Байланыш телефондору : 0555 505 041, 0555 505 091, 0555 505 770.

MegaCom видеоконференцбайланышы менен колдонуунун алты себеби:

· HD-сапаттагы сүрөт;

· Катышуучулардын саны – 50 гө чейин;

· 2020-жылдын апрель айында акысыз кошуу;

· Электрондук тактаны колдонуу мүмкүнчүлүгү;

· Онлайн өтүп жаткан иш-чараны андан кийин жүктөп алуу үчүн же Тармакта жайылтуу үчүн жазып алуу;

· Өлкөбүздүн серверлеринде жеке маалыматтардын ишенимдүү корголушу.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн эки ири мекемесинде – Саламаттык сактоо министрлигинде жана Билим берүү жана илим министрлигинде кызматты колдонууну уюштуруу иштери колго алынууда. MegaCom компаниясынын максаты – башка мамлекеттик түзүмдөрдү да видеоконференцбайланыш менен камсыздоо.

«Маселен, видеоконференцбайланыштын жардамы менен Билим берүү министрлигинин жетекчилиги райондук башкармалыктардын башчылары менен онлайн шарттамда кеңешмелерди өткөрсө болот. Тараптар бири-бирин абдан жакшы уга алат, селектордук кеңешмелерди же бетачарларды мыкты деңгээлде уюштуруп, электрондук тактачаны да колдонууга да мүмкүнчүлүк бар»,− дешет MegaCom компаниясынын техникалык адистери.

«Селектордук кеңешме» шарттамында өтүп жаткан жолугушуунун катышуучулары негизги экрандан башкы баяндамачыны көрө алат, «Видеоконференцбайланыш» интерфейс тогуз терезени чагылдырат. Эгерде катышуучулардын саны көп болсо, экрандан учурда сүйлөп жаткан баяндамачы көрсөтүлөт.

MegaCom«Видеоконференцбайланыш» кызматын кимдер кошо алат?

Кызматты каалагандардын баары кошо алат. Кызматты онлайн-жолугушуунун катышуучуларынын электрондук почтасына кошкондон кийин шилтеме түрүндөгү чакыруу келет, андан кийин абонент SMS-билдирүү алат. Видеоконференцбайланышы компьютер, ноутбук же планшет, же болбосо смартфон аркылуу web-интерфейстин жардамы менен кошуп алууга болот, бул үчүн App Store же Google Play сервистеринен IVA ВКС тиркемесин алдын ала жүктөп алуу жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий