• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Megacom иши: Акылбек Жапаров Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогондорго ыраазычылык билдирди

Өкмөт 0

Бишкек. 16.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Penwell Business Limited» оффшордук компаниясынын Megacom иши боюнча 300 млн АКШ долларына доо арызы боюнча Лондон шаарындагы арбитраждык сотто Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргогон Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун кызматкерлерине, ошондой эле эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров жолугушуу катышуучуларына жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы мындан ары карай дагы эл аралык соттордо өз кызыкчылыгын сактоого даяр экендигин билдирди.

«Бүгүнкү жеңиш биздин республика өз улуттук кызыкчылыгын татыктуу коргогондугунун далили болуп саналат. Иште акыркы чекит коюлду, бул биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөш болуп саналат, биз анда жеңишке жетиштик», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Эскертсек, 2021-жылдын 8-октябрында «Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылган.

Чечимге ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда Доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку сотуна өтүнүч келтирүү мөөнөтү аяктаган. Натыйжада, Кыргыз Республикасы соттук териштирүүдө толугу менен жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий