• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

MegaCom компаниясы 4G түйүнүнүн кубаттуулугун жана кучагын кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. MegaCom компаниясынын абоненттери үчүн маалыматтарды таратуу жана добуштук кызматтардын жогорку сапатта болушу маанилүү экени белгилүү фактор, ошондуктан компания өз түйүнүн активдүү өнүктүрүүнү дайыма улантып келет.

2020-жылдын март, апрель айларында жүргүзүлгөн техникалык иштердин негизинде Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу пункттарында 3G жана 4G стандартындагы базалык станциялар ишке киргизилди.

Балыкчы, Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Кара-Суу, Нарын, Ош, Талас, Токмок жана Өзгөн шаарларындагы станцияларды модернизациялоодон кийин 4G түйүнүн өткөрө алуучулук сапатын жогорулатты. Ошондой эле төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана мобилдик интернеттин 4-муундагы түйүнүнүн сапаты жогорулады:

Баткен облусундагы Арпа-Сай, Боз, Какыр, Камбар-Абад, Кара-Дөбө, Кожо, Көң, Ташкоргон, Үч-Коргон жана Кадамжай шаар тибиндеги посёлогу;

∙Жалал-Абад облусунун Абдраимов, Бүргөндү жана Жаңы-Кыштак айылдары;

∙Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылы;

∙Ош облусунун Араван, Арап, Гүлчө, Дароот-Коргон, Кесов, Кыргыз-Чек, Маданият, Учкун, Чертик жана Ынтымак айылдары;

∙Талас облусунун Кызыл-Адыр жана Чоң-Кара-Буура айылдары;

∙Чүй облусунун Ак-Суу, Алга, Белый-Пикет, Гидростроитель, Дружба, Жаңы-Алыш, Жаңы-Жол, Жыламыш, Кашка-Суу, Малиновка, Малтабар, Мээнеткеч, Новомихайловка, Орто-Суу, Полтавка, Чым-Коргон айылдары жана Кемин шаар тибиндеги посёлогу.

Мурда орнотулган базалык станцияларды жакшыртуунун негизинде Бишкек, Каракол, Нарын, Ош, Талас жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле төмөнкү айылдарда 3G-сигналы жакшыртылды:

∙Баткен облусунун Чарбак айылы;

∙Жалал-Абад облусунун Ак-Тоок, Аркит, Ачы, Гава, Жаңы-Шаар, Жол-Сай, Жылгын, Каба, Каду, Кара-Жыгач, Кара-Үңкүр, Кызыл-Туу, Кыр-Жол, Сай, Совет-Сай жана Терек-Сай шаар тибиндеги посёлогу;

∙Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылы;

∙Ош облусунун Агартуу, Ак-Терек, Большевик, Ботомойнок, Гайрат, Дароот-Коргон, Коңдук, Корс-Этти, Кочкор-Ата, Кош-Этер, Кремль, Кызыл-Байрак, Кызыл-Сеңир, Кыргызстан, Мамажан, Ой-Тал, Питомник жана Саламалик айылдары

∙Чүй облусунун Алга, Арал, Доктурбек Курманалиев, Жаңы-Жол, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Мээнеткеч, Новое, Тар-Суу, Тельман, Токбай, Төрт-Күл жана Юрьевка айылдары.

Ошондой эле, Бишкек, Нарын, Ош жана Талас шаарларында, Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында, Ош облусунун 15 Жаш, Дароот-Коргон, Сары-Камыш жана Сары-Таш айылдары, Чүй облусунун Тар-Суу жана Төрт-Көл айылдарында 2G түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

Дагы бир кошумча жабдыкты ишке берүүнүн аркасында MegaCom компаниясынын төмөнкү айылдарындагы абоненттери 4G байланыш түйүнү жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болушту:

∙Баткен облусунун Ак-Сай, Боз-Адыр, Капчыгай жана Кара-Токой;

∙Жалал-Абад облусунун Бек-Абад, Кыргыз-Абад, Момбеков, Чек жана Терек-Сай шаар тибиндеги посёлогу;

∙Ош облусунун Ак-Кыя, Жар-Кыштак, Кайын-Талаа, Кара-Кулжа, Күйөөташ, Кызыл-Жар, Сары-Булак, Сары-Күңгөй, Терек, Тогуз-Булак, Токбай-Талаа жана Чычырканак айылдары;

∙Чүй облусунун Жаңы-Пахта, Мирное жана Таш-Башат айылдары.

3G стандартындагы жабдыктар төмөнкү айылдарда эксплуатацияга берилди:

Баткен облусунун Акимбек, Ак-Кыя, Аустан, Гайрат, Достук, Кароол, Кек-Талаа, Кереге-Таш, Кескен-Таш, Кызыл-Булак, Майдан, Маяк, Ноогардан жана Пум айылдары;

∙Жалал-Абад облусунун Арал, Аримжан, Гумхана, Жарадар, Жыгач-Коргон, Сакалды, Төш жана Чымчык-Жар айылдары;

∙Ош облусунун Ак-Терек, Арбын, Куу-Майдан, Өсөр, Сары-Камыш, Сары-Таш, Шанкол, Эшме жана Ятан айылдары.

Жакынкы базалык станциялардын деңгээлине байкоо жүргүзүү, 2G, 3G жана ылдам 4G каптамдары тууралуу, ошондой эле түйүн каптаган аймактар тууралуу онлайн-режимде ыкчам маалымат алууну Интерактивдүү картанын жардамы менен ишке ашырууга мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий