• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

MegaCom компаниясы балдарды 1-июнь майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. MegaCom байланыш операторунун социалдык саясат жаатындагы маанилүү бөлүгүнүн бири – өзгөчө көңүл бурууга жана жардамга муктаж балдарга кам көрүү болуп саналат. Балдарды коргоонун Эл аралык күнүн утурлай компания республикадагы айрым балдар үйлөрүнө салтка айланып калган кайрымдуулук колдоосун көрсөттү. Уюлдук опреатордун өкүлдөрү 1-июндан тарта балдар үйлөрүнө баш багып, тарбиялануучуларын белектер менен кубантышты.

Сокулук районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын реабилитациялык борборуна барган MegaCom’дун жетекчилери майрамдын жаш күнөөкөрлөрүнө таттууларды, балдар бөлмөлөрүнө жумшак эмеректерди жана эс алуучу жайына кондиционер ыйгарышты. «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов аталган борборго жеке өзүнүн атынан материалдык колдоо иретинде 50 миң сом тапшырды.

Жалал-Абаддагы психоневрологиялык үй-интернатына MegaCom компаниясынын аймактык бөлүмү мекемеге эң зарыл болуп келген суу сордуруучу насос орнотууга жардам берди. Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектептин аймагына видеокөзөмөл жабдыктарын орнотууга да жардам берилди.

10 жылдан ашык убакыттан бери компания ар дайым колдоо көрсөтүп келген социалдык мекемелердин тизмеси барган сайын кеңейүүдө. Компания жылына 2 жолу – Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө жана Жаңы жылдын алдында балдар үйлөрүнө кезеги менен жардам көрсөтүп келет.

MegaCom административдик мекемелерден мектептердин, интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тизмелерин алдын ала тактап, алар эмнеге муктаж экендигин билип туруп, ар кандай эмеректер, тиричилик техникалары жана башка инвентарлар менен камсыздап келет.

“Ушул сыяктуу мекемелерге жардам колун сунуу менен биз тагдырдын буйругунан улам ден соолугуна байланыштуу ата-эненсинин багуусунан четтеп калган балдардын турмушун жеңилдетүүнү максат кылабыз, - деп белгиледи “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов. – Биз Кыргызстандагы бир дагы бала Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында чоң адамдар тарабынан көңүл буруусуз жана камкордуксуз калбашы керек экенине ишенебиз. MegaCom компаниясы балдар тарбия алып, жашап жаткан мекемелердин социалдык шартын жакшыртуунун аракетинде”.

Пикир

Оставить комментарий