• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

MegaCom компаниясы Сатуу жана тейлөө борборлорунун иштөөсүн жандандырып, 70% чейинки арзандатууларды белек кылат

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. MegaCom компаниясы Сатуу жана тейлөө борборлорунун иштөөсүн жандандырат, ошондой эле кооз номерлерге арзандатууларды жарыялайт.

2020-жылдын 21-майынан 1-июнга чейин акциянын алкагында абоненттер үчүн төмөнкү арзандатуулар* сунуш кылынат: "Алтын" категориясындагы номерлерге - 70%, "Күмүш" категориясындагы номерлерге - 50%.

Өзүңүз үчүн же жакындарыңызга белек кылуу үчүн сандардын уникалдуу комбинацияларынан турган кооз номерлерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар. MegaCom кеңселеринин кызматкерлери сизге оңой жатталып калчу номерлердин каалаган ("997" кодунан башкасынын баары) түрүн тандап берип, жүргүзүлүп жаткан акциялар тууралуу кенен түшүндүрүп беришет.

Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери менен MegaCom компаниясынын расмий сайтынан тааныша аласыз.

Максималдуу пайдалуу баага уникалдуу номерди сатып алуу менен өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калыңыз!

*195 сомдон өйдө күнүмдүк абоненттик төлөм же 395 сомдон жогору ай сайын абоненттик төлөм болгон #Суперыңгайлуу тарифтик планына кошулууда гана жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий