• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

MegaCom компаниясы сатыкка коюлду

Коом 0

Бишкек, 22.08.17 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. MegaCom уюлдук оператору тикелей түрдө сатыкка коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.
Анын айтымына караганда, мурда жарыяланган аукциондор өтүнмө жок болгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылган. Андан соң “Альфа Телеком” ААК жана MegaCom соода маркасын 100 пайыз тикелей түрдө сатуу чечими кабыл алынган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 100 пайыз акцияны - 13,5 млрд сомго баалап жатат. 7 пайыз комиссиялык топтомдор.
ММБФ жетекчиси ишендирип кеткендей, мамлекеттин потенциалдуу сатып алуучусу бар, бирок фонд мыйзамга ылайык бир ай ишкананы сатып алууну каалагандардан арыз кабыл алмакчы.
“100% акция мамлекетке тийиштүү. Азыр кытай компаниялары жана дагы башка компаниялар кызыгып жатышат. Көптөгөн экономисттер келип, компаниянын келечегине кызыгып кетишти. Учурда потенциалдуу инвесторлор бар”,- деди Казаков.
Ал баса белгилегендей, мамлекет компаниянын баасын 13,5 млрд сомдон төмөндөтпөйт.

Пикир

Оставить комментарий