• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

MegaCom компаниясынын башчысы 200 миң сом айлык алат

Коом 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан (ММБФ) MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловдун айлык маянасы тууралуу маалымат беришти.

Мурда соцтармактарда компаниянын башчысынын айлык маянасы 700 миң сом экендиги айтылган болчу.

ММБФдан “Кабар” агенттигине аталган маалыматты төгүндөшүп, Жамангуловдун айлыгы 200 миң сом экендигин билдиришти.

““Альфа Телекомдун” жетекчисинин айлыгы мурда айтылгандай эле 200 миң сомду түзөт”, - деп кабарлашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий