• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

MegaCom Кыргызстандын бардык облустарында 4G түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. MegaCom компаниясы бүткүл Кыргызстан боюнча байланыштын сапатын жакшыртып жана каптоо аймагын кеңейтүүгө пландалган иштерин улантат.

2020-жылдын августунда жүргүзүлгөн техникалык иштердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жети облусунда тең байланыштын сапаты жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиети жогорулады.

Бишкек, Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Ноокат, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөргүч сапатын арттырды. Төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы интернеттин сапаты жакшыртылды:

·Нарын облусунун Баетов, Кайыңды-Булак, Терек айылдары;

·Ош облусунун Араван, Кара-Таш, Нойгут, Таштак, Темир-Корук, Фуркат, Чучук айылдары;

·Талас облусунун Майское, Новодонецкое айылдары;

· Чүй облусунун Жекен, Жайыл, Мраморное, Фёдоровка айылдары.

Базалык станцияларды жаңылоонун аркасы менен MegaCom'дун 3G-сигналы Бишкек, Кара-Балта, Кара-Суу, Ош шаарларында жана төмөнкү айылдарда да байкалды:

·Баткен облусунун Алга, Чуңкур-Кыштак айылдары;

·Ош облусунун Нойгут айылы;

·Чүй облусунун Маевка, Петропавловка айылдары.

Кошумча жабдууларды ишке киргизүүнүн натыйжасында 4G байланышы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Жалгыз-Өрүк, Көк-Таш, Орто-Суу айылдарында жана Чүй облусунун Калдык айылында жашаган MegaCom'дун абоненттери ээ болушту. 3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Ноот, Толук жана Чаар-Таш айылдарында ишке киргизилди.

Түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты онлайн Интерактивдүү картадан алууга болот. Картанын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, 2G, 3G жана ылдам 4G-каптамы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү да бар.

MegaCom - ишенимдүү байланыш оператору!

Пикир

Оставить комментарий