• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

MegaCom роумингдеги жаңы багыттар – Израиль жана Португалия

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. MegaCom компаниясы роуминг-өнөктөштөрүнүн катары толукталгандыгын кубануу менен маалымдайт. Эми уюлдук оператордун абоненттерине Hot Mobile Ltd. (Израиль) жана MEO (Португалия) операторлорунун түйүндөрүндө кийин төлөнүүчү , алдын ала төлөнүүчү жана интернет-роуминг кызматтары жеткиликтүү.

Эгерде Сиз жакынкы арада Израилге же Португалияга барууну максат кылып жатсаңыз, анда сапарга чыгуунун алдында MegaCom роумингин кошуп алууну эсиңизден чыгарбаңыз. Бул кызматты кошуп алуу менен номуруңузду өзгөртпөстөн жана кошумча буйрууларды тербестен эле, сапаттуу байланыш кызматтары менен, жана да жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдоно аласыз!

Кызматты кошуу үчүн Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылыңыз же *155*1# USSD-буйруусун териңиз. Роуминг-өнөктөштөрдүн жана роуминг кызматтардын тизмеси megacom.kg расмий сайтында.

MegaCom — бул чексиз баарлашуу!

Пикир

Оставить комментарий