• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

MegaCom сатылышы: Елена Нагорная келишимди Швейцарияда камсыздандырууга нетенүүдө - Казаков

Экономика 0

Бишкек, 26.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Альфа Телеком” ЖЧК (MegaCom) компаниясын сатуу боюнча россиялык Елена Нагорная менен сүйлөшүү уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда аудиттик текшерүү жүргүзүлүп жатат, ошондой эле юристтер жагдайды талдоодо, себеби сатып алуучу тарап келишимди Шверцариядан камсыздандырууга ниеттенүүдө.

“Ал эми камсыздандыруучу компания аудиттик отчет талап кылды”,-деди ал.

Казаковдун айтымында, келишим түзүлгөнгө чейин болочоктогу сатып алуучу Елена Нагорная Кыргызстандын аймагында банкта эсеп ачып, ал жактан эсебинде акча каражаты бар экендиги тууралуу маалым кат алып келиши керек.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрында Россиянын жараны Елена Нагорная “Альфа Телеком” ЖЧК сатып алууга даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий