• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

MegaCom шылуундардын күч алганын эскертет!

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасында мобилдик тармактардын өнүгүшү менен жарандарды алдоо аракетин көргөн кара ниеттүүлөр көбөйдү. Акыркы убактарда MegaCom компаниясына абоненттерден биз iPhone 11 Pro смартфонун байгеге утуп алдык эле деген кайрылуулар көп болуп жатат.

Бул кайрылууларды "Альфа Телеком" ЖАКсынын адистери текшерип чыкканда шылуундар тарабынан абоненттерге MegaCom'дон баалуу байге утуп алдыңар деп билдирүү жасаган рекламалык компания иштеп жатканы белгилүү болду. Жарнамалык шилтеме менен абоненттен төлөм картасынын маалыматтарын жазууну сурашат же сайт абоненттен чалууга макулдугун сурайт. Эгерде абонент чалууга макулдугун берсе телефондон эл аралык байланыш болуп, абоненттен акча каражаты алынат. Эгерде абонент төлөм картасынын маалыматтарын жазган болсо андан бардык акча каражатын алып коюшат. Алдамчылар дайыма домен атын жана элди алдаган сайтынын IP-дарегин алмаштырып тургандыктан ага бөгөт коюу кыйын болууда.

Үчүнчү тараптардын шылуундук иш-аракеттерине байланыштуу MegaCom кыргызстандыктарды сак болууга, смартфон аркылуу веб-серфингдин коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Мобилдик шылуундардан кантип сактанууга болот?

·Өзүңүздүн акча каражатыңыз жана жеке маалыматтарыңыз ишенимдүү сакталышы үчүн шек жараткан булактардан тиркемелерди жүктөп, телефонго орнотпоңуздар. Шектүү сайттарды ачпаганга аракет жасагыла. Шылуундар зыяндуу тиркемесин спам-жарнаманы активдүү колдонуу менен таратып, конфиденциалдуу маалыматтарды топтошот.

·Ар бир тиркемени көчүрүп жатканда сизден сурап жаткан эрежелерге көңүл буруңуз. Абоненттерге Chrome тиркемесинин ыкка келтирүүсүнөн "Билдирүүлөр" бөлүмүн текшерип шек жараткан сайттарды өчүрүп коюшун сунуштайбыз.

·Эгерде интернетте сиздин телефон номериңизди же башка жеке маалыматыңызды сурашса анда жөн сураган жок деп ойлонуңуз. Кара ниеттүү алдамчылар ишенчээк абоненттердин телефон номерлерин гана эмес социалдык тармактардагы аккаунттарынын паролдорун, банк карталарынын маалыматтарын да жаздырып алышат.

·Шылуундар зыяндуу сайттарды сизди акы төлөнүүчү номерге SMS жөнөтүп же чалдыруу үчүн пайдаланышат. Азгырылткан жарнамаларга ишенбеңиз, анда көрсөтүлгөн кыска номерлерге SMS жөнөтпөңүз, чалбаңыз.

Эгерде сиз өткөрүлүп жатат делген утуш оюндарына же акцияларга толук ишене албай жатсаңыз MegaCom компаниясына *500 же *505 номерлери аркылуу колл-борборуна чалып, маалыматты тактап алсаңыз болот. MegaCom мобилдик оператору өткөрүп жаткан утуш оюндары, акциялар жөнүндө толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан билсеңиз болот.

Өзүңүзгө сак болуп, кара ниеттүүлөрдүн кайырмагына түшпөңүз!

Пикир

Оставить комментарий