• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“MegaCom” жана “Beeline” операторлоруна 58 млн сом айып тагылды

Коом 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. “Альфа-Телеком” менен “Скай Мобайл” компанияларына монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 58 млн сом айып тагылды.

Мамлекеттик монополияга каршы агенттигинин берген маалыматына ылайык, тармактар аралык байланыш тарифинин негизинде түзүлгөн келишимге ылайык, тармактар аралык байланыш 50%га чейин көтөрүлүп кеткен. Башка операторлор менен болгон келишим бузулган эмес.

Монополияга каршы мекемеси мындай аракеттер “Атаандаштык” мыйзамынын талаптарын бузарын белгиледи. “Маселен атаандаш тараптар кандайдыр бир келишимге кол коюушу менен байланыш базарында жаңы компаниялардын пайда болушуна тоскоолдук жаратып, мыкты аттандаш болуу шартына бөгөт коет”,- деп билдирди.

Белгилүү болгондой, мамлекетке пайда алып келген айлануудагы айып пул 2017-жылдын 9-июнундагы административдик иштин негизинде салынган.

Пикир

Оставить комментарий