• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

MegaComду Улуттук банк тарабынан сатып алуу каралууда – Бакиров

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. КРнын Инвестиция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш MegaComду («Альфа Телеком» ЖАК) менчиктештирүү программасына киргизүүгө макул болгонун билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда компанияны инвентаризацилоо процедурасы жүрүп жатат. Жакында атайын комиссия түзүлөт.

«2019-жылы MegaComдун баасы 19 млрд сомго бааланган, кийин ал 14 млрдга түшкөн. Бирок, сатып алуучу чыккан эмес. Ушуга байланыштуу министрлер кабинети компанияны кайрадан толук баалоо тапшырмасын берди»,-деди ал.

ММБФ төрагасы MegaComду Улуттук банк тарабынан сатып алуу каралып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий