• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мегаком кайрадан сатыкка коюлат – Исаков

Экономика 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Альфа Телеком” ЖЧКсы (Megacom) кайрадан сатыкка коюлат. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат Нурбек Алимбеков компанияны сатуудан түшкөн акча каражаты бюджетке түшөөрүнө кызыкты.

Исаков жок деп жооп берди. “Megacom сатуу уланат. Ишкананы сатуу керек. Сатуудан түшкөн каражат бюджетке салынган эмес”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Россиянын жараны Елена Нагорная “Альфа Телеком” ЖЧКны сатып алууга даяр экендигин билдирген.

Бирок, 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан расмий түрдө Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр “тараптар сатык шарттары боюнча бир чечимге келе албагандыктан” токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий