• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Мегаком» компаниясы сатылабы?

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Эгерде парламент «Мегакомду» сатпоо чечимин кабыл алса, биз аны сатпайбыз», - деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков.

Белгилей кетсек, кечээ парламентте 2010-жылдагы мародерлук, анын ичинде бардык улутташтырылган объекттерге байланыштуу маселелер боюнча депутаттык комиссиянын ишинин отчету угулду. Комиссия жылына 1 млрд дивиденд берип, 13 жылда өзүн актай ала турган “Мегаком” компаниясын сатпоону сунуштады. Себеби, компания алгачкы суммасы 13 млрд сомго сатыкка коюлган.

ММБФ башчысы анын башкаруусундагы ведомство – аткаруучу орган экендигин белгиледи. “Бизге эмнени айтса, ошону аткарабыз. Буга чейин парламент компанияны сатуу чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу биз сатык жарыялаганбыз жана аукцион өткөрүүгө даярданып жатабыз. Эгерде эртең алар сатпай коюу чечимин кабыл алышса, биз сатпайбыз”, - деди Б.Казаков.

Ошондой эле, ал компанияны сатуу боюнча аукционга даярдыктар кандай жүрүп жатканын, канча билдирме түшкөнүн айтып берди. “Сатыкка катышууну каалагандар көп. Алардын баары келип, байланышып жана маалымат алып жатышат. Азырынча расмий билдирмелер түшө элек, бирок кызыккандар көп”, - деп маалымдады Фонддун жетекчиси.

Аукцион 2017-жылдын 5-июнуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий