• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Мегакомду” кайрадан сатып алууну каалашууда. Бул жолу - ALF Consulting SA

Коом 0

Бишкек, 06.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна ALF Consulting SA компаниясынын каржы директору Мари Гамерданжеден кайрылуу келип түшкөн, ал “Альфа Телеком” ЖЧКнын 100% акциясын сатып алууга кызыктар экендигин билдирген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ММБФнун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган кат кароо үчүн “Альфа Телеком” ЖЧКна жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Россиянын жараны Елена Нагорная “Альфа Телеком” ЖЧКны сатып алууга даяр экендигин билдирген.

Бирок, 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан расмий түрдө Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр “тараптар сатык шарттары боюнча бир чечимге келе албагандыктан” токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий