• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Мегакомду” сатып алууга дагы бир компания кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун дарегине “Goldenkey Asset Investment & Management” компаниясынан “Альфа Телеком” (Megacom соода маркасы) ЖЧКсынын 100% акциясын сатып алууга кызыкдарлык билдирген кайрылуу келип түшкөн.

Фонд бул кайрылууну “Альфа Телекомго” белгиленген тартипте кароого жөнөттү.

Буга чейин Швейцариянын ALF Consulting SA компаниясы ММБФга “Альфа Телеком” (Megacom соода маркасы) ЖЧКсынын 100% акциясын сатып алуу ниетин билдирген кайрылуу жөнөткөн.

Ошондой эле “Альфа Телеком” ЖЧКсын сатып алууга кызыкдарлыгын “АКА минералз энд майнинг” компаниясы билдирген. Ал “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда Huawei өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий