• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Мегакомдун" IT адистери аз маянанын айынан атаандаштарга кетип жатышат – Жамангулов

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Ринат Түлөбердиев "Альфа Телекомдун" жетекчилигинин маянасы канча экенин айтып берди.

Белгилей кетсек, бүгүн КТ "Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, анда Түлөбердиев, "Мегакомдун" башкы директору Акылбек Жамангулов 200 миң сом айлык аларын билдирди.

"Орун басарлары 155 миң сом жана 145 миң сом алат. Колдоо кызматынын директору 125 миң сом алат", - деди ал.

Ал эми Акылбек Жамангуловдун айтымында, компаниянын штаттык түзүмү жана бюджети башкы акционер (ММБФ) тарабынан бекитилерин билдирди.

"Мен келгенге чейин эле айлык акыны азайтуу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок, башка компаниялардын IT адистери 2-3 эсе көп алышарын белгилеп кетүү керек", - деди ал.

Ал билдиргендей, башка компаниялар мыкты адистерди 500 же 1 миң долларга көп каражат сунуштап өзүнө тартып жатат.

"Ыйгарым укук жок болгондуктан биз аларга көбүрөөк сунуштай албайбыз. Адистер татыктуу маяна алышы керек. Себеби, биз киреше алып келген компаниябыз. Аттарын айтпай эле коеюн, башка компаниялардын башчыларынын маяна бир топ көп. Бири 18 миң доллар, башкасы 28 миң доллар алышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий