• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Мегалайндын” “Коопсуз шаардын” онлайн-аукциону тууралуу билдирүүсү туура эмес – Мамлекеттик сатып алуулар департаменти

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. “Мегалайндын” “Коопсуз шаардын” онлайн-аукциону тууралуу билдирүүсү туура эмес. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ар бир катышуучу мекеменин өзүнүн жеке кабинети жана ага өзүнүн гана кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

“Аларда эч кандай механикалык ката болгон эмес деп өздөрү айткандай болушу мүмкүн эмес. Себеби мүмкүндүк аларда гана бар. Бул учурда алардын арызын туура эмес деп эсептесек болот. Ал эми аукционго болгон сырткы таасирлер боюнча айтсак, бааны төмөндөтүүгө болгон буга чейинки сынактар катачылыксыз өткөн”, - деди Улан Озумбеков.

Эске салсак, кечээ “Коопсуз шаар” долбоору боюнча лоттордун баасын төмөндөтүү үчүн аукцион өтүшү керек болчу. Долбоордун координаторлору билдиришкендей, сынактын жүрүшүндө күтүүсүз жерден механикалык маселе жаралган. Ошондой эле бул аларга көз каранды эмес себептерден улам келип чыкканын айтышкан.

Аукционго катышкан “Мегалайн” компаниясынын өкүлдөрү билдиришкендей, алар 50 миллиард суммасындагы акчаны сунушташкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий