• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мейман келсе: Даамдуу жана пайдалуу салат

Дүр дүйнө 0

Жашыл консерваланган буурчак – 1 банка

Шампиньон – 200 г.

Пияз – 1 баш

Жумуртка – 3 даана

Туздалган бадыраң – 2 даана

Көк (петрушка) – 2 чоң кашык

Майонез – 2 чоң кашык

Калемпир, туз – татымына жараша

Өсүмдүк майы – кууруганга

Уйдун тили – 1 даана

Пиязды жарым тегерек түрүндө туурап, бир азга майга кууруп алабыз. Тууралган шампиньондорду кошуп, дагы 5-7 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз жана калемпир себүү керек. Оттон чыгарып, муздатасыз.

Алдын ала 2-3 саат уйдун тилин кайнатып алуу керек. Бышып, муздатылган тилди узунунан туурайсыз.

Жумуртканы 8 мүнөт орточо отто бышырасыз. Муздатып алган соң, кубик түрүндө туурайбыз.

Туздалган бадыраңды дагы узунунан туурап алуу керек.

Салат идишине салып тилди, пияз менен куурулган козу карынды, бадыраң, буурчак, петрушканы аралаштырабыз. Туз, калемпир себелеп, майонез менен аралаштырып койсок салат даяр болот.

Сиз каалаган түрдө кооздоп, дасторконго койсоңуз болот. Тамагыңыздар даамдуу болсун!

Пикир

Оставить комментарий