• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мекемелердин атайын каражаттары Бюджет кодексинин талаптарына шайкеш келтирилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн каржы саясатына байланыштуу улуттук мыйзамдарды КР Бюджет кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Салыкты эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт», - дейт ал.

Андан тышкары, 2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелердин атайын каражаттары түрүндө 10 млрд 686 млн сом түшкөнү белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий