• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мекемелердин жетекчилери “Түндүк” системасын киргизүүгө жеке жоопкерчилик алышат – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. “Түндүк” системасы толук көлөмдө ишке берилди. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” конференциясында Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

“Түндүк” системасында мамлекеттик органдар, ишкердик жана банктар иштешет. Алар өздөрүнүн маалыматтарын “Түндүккө” бириктире башташты. Мекемелер аралык өз ара аракеттин негизинде иштеген мамлекеттик кызматтардын порталы ишке кирип жатат”, - деди премьер.

Абылгазиев августта өкмөттүн отурумунда мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базасынын жумушунун планы бекитилгенин, ал жакта быйыл ишке бериле турган бүгүнкү күндөгү эң керектүү маалыматтык системалар даярдалганын билдирди.

“Бирок бул жумуш токтобошу керек жана келечекте биз кийинки маалыматтык системаларды киргизүү боюнча план түзөбүз. Мамлекеттик органдардын бардык башкармалыктары автоматташтырылышы керек. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилерине “Түндүк” системасын киргизүү тууралуу тапшырма берилген. Министрлер жана ведомстволордун жетекчилери бул системаны киргизүүгө жеке жоопкерчилик алышат”, - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр өкмөт электрондук башкарууну киргизүү үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирди.

“Бул үчүн бизде мүмкүнчүлүк дагы, саясий эрк дагы бар”, - деп кошумчалады Абылгазиев.

“Түндүк” системасы мамлекеттик органдардын, муниципалитеттердин, аймактардагы жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы электрондук маалыматтар менен алмашууга багытталган.

“Түндүк” электрондук формада мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө керек болгон маалыматтарды алууга жана жөнөтүүгө шарт түзөт. Бул убакытты үнөмдөйт.

Пикир

Оставить комментарий