• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эмгек министрлиги "Мекен-картка" документтерди кабыл алуу башталгандыгын эскертет

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын 13-мартынан тартып чет өлкөлүк паспорту бар мекендештер "Мекен-карт" документин алуу үчүн тийиштүү документтерди тапшыра аларын эскертет.

Ведомстводон белгилешкендей, "Мекен-карт" документи Кыргызстандын аймагында тоскоолдуксуз кирүүнү жана болууну, билим берүү жана медицина кызматтарын пайдаланууну, уруксат берүүчү документтерди тариздебестен эмгек ишмердигин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана башка көптөгөн нерселерди камсыз кылат.

Мекендештин статусун алуу процесси өтө жөнөкөй жана чет өлкөлүк жарандарга – Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдарына жана неберелерине жеткиликтүү.

"Кыргызстандын аймагында арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, 10 миң сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алымды, ошондой эле "Мекен-карт" документин кабыл алуу, берүү, даярдоо жана персонификациялоо боюнча 1 миң 315 сом суммасында чыгымдарды төлөө керек.

Эгерде арыз ээси чет өлкөдө болсо, анда Кыргызстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүгүнө тийиштүү документтерди тапшырып, 10 миң 618 сом жана 40 АКШ долларын консулдук жыйым катары төлөөсү зарыл", - деп белгилешти министрликтен.

Төлөм “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК филиалдарында, ошондой эле Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Арыздарды кароонун мөөнөтү жалпы тартипте 3 айды, жөнөкөйлөтүлгөндө 1,5 айды түзөт. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

"Кошумча маалымат алуу үчүн 119 колл-борборуна кайрылсаңыз болот же Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактардагы расмий баракчаларына суроо жазсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий