• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мекендештерди кайтаруу. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мыйзамсыз фактылар боюнча маалымат берүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды мекенине кайтарууга байланыштуу алдамчылык же башка мыйзамсыз фактылар боюнча маалымат берүүгө чакырат.

Эчлиликтен билдиришкендей, жарандардын кайрылууларында жана социалдык түйүндөрдө жарандарды мекенибизге жөнөтүү үчүн тизмеге киргизүү маселеси боюнча коррупциялык схемалар жөнүндө маалымат тарагандыгына байланыштуу элчиликтин алдында ушундай кайрылууларды карап чыгуу максатында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияны КРнын РФдагы ИИМнин өкүлү Н.С.Жанбаев жетектейт, анын курамына элчиликтин коопсуздук маселелери боюнча иш алып барган кызматкерлери, КРнын РФдагы ИИМнин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү кирет.

Элчиликке келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын негизинде ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, элчиликтин ар бир кызматтык кеңсесинде жана аймагынын периметри боюнча күнү-түнү үн жаздыруу функциясы бар жаңы видеокамералар орнотулуп, иштеп жатат.

“Бүгүнкү күндө системалык негизде алдамчылык фактылар ачыкка чыгып жатат. Алардын катарында белгисиз жаран элчиликте тууганым (жакыны) иштейт деп мекендештерибиздин ишеничине кирип, аларды мекенине кайтып кетчү жарандарынын тизмесине кошом деп убада берген учур бар. Бул мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин натыйжасында үч кыргызстандык жаранга 54 миң рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген. Бул факт Москва шаары боюнча РФнын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы (Петровка 38) тарабынан каттоого алынып, РФнын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү жаранды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, элчиликтин дарегине биздин мекендештерибизден айрым кыргызстандык жамааттык уюмдарына карата даттануулары/арыздары түшүп жатат. Тактап айтканда, айрым активисттер жарандарыбызды мекенибизге жөнөтүү үчүн диаспорага бөлүнгөн квоталарды колдонуп, ортомчулук кызмат жасагандыгы үчүн акча каражат алып жаткандыгы тууралуу арыздар элчиликке түшүүдө. Бул дооматтар кылдат иликтенип жатат. Мекенибизге жиберүү максатында тизмеге киргизүү үчүн акча талап кылуу боюнча кылмыштуу коррупциялык аракеттерге кескин бөгөт коюлат. Күнөөлүүлөр КРнын жана РФнын мыйзамдарына, анын ичинде кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат”, - деп билдирет элчилик.

Элчиликтин астында түзүлгөн коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча штабынын жыйында элчи А.Жекшенкулов: “Мекендештерибиздин оор турмуштук жагдайын жеке кызыкчылыгына колдонуу ыплас жана адмгерчиликсиз. Ар бир арыз жана даттануу кылдат кароодон өтөт. Кылмыш аракеттеринин фактылары тастыкталган учурларда, КРнын жана РФнын мыйзамдарына ылайык, эң катуу чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, кыргызстандыктарды алдап жаткан, РФнын жарандарына карата – РФнын мыйзамдарына ылайык, кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу жана жарандыктан ажыратуу мүмкүнчүлүгү, ал эми, КРнын жарандарына карата – Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, депортация жана КРнын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартуу”, - деген.

Ушуга байланыштуу, элчилик бардык мекендештерди жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп кылмыш иш-аракеттерге бөгөт коюу жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында элчиликке көмөк көрсөтүп, бардык мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалымат берүүгө чакырат.

Ар бир жарандын коррупция жана алдамчылык фактылары боюнча маалыматты элчиликке, ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу жеке элчинин блогунун (www.elchi.ru) «Жеке билдирүүлөр» бөлүмүнө жиберүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары КРнын РФдагы ИИМнин өкүлчүлүгүнүн электрондук почтасына (predstavitelstvomvd@mail.ru) жана +7 (977) 928 – 97 – 20 номери аркылу телефон чалып билдирсе болот. Элчилик купуялуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууну кепилдик кылат.

“Жарандарыбызды мекенибизге кайтаруу үчүн тизмеге киргизүү процедурасы толугу менен бекер жүргүзүүлөрүн баса белгилейбиз. Бул үчүн элчиликке жарандар кайрылып, документтердин (КРнын паспортунун, ооруу тууралуу медициналык маалым каттарынын, кош бойлуу учурда УЗИнин корутундусунун, эгерде жаш баласы болсо анын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөлөрү менен жеке арызын жазып, тизмеге киргизилген кезегин күтүү зарыл”, - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен белгилешкендей, Кыргызстанга кайта турган жарандардын тизмесине киргизүү өтүнүчү менен кайрылгандардын саны 7 миңден ашат. Мындан тышкары, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуган 4 миңге жакын кыргызстандык студенттер дагы мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат. Тилекке каршы бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошол эле учурда, ар кандай категориялардагы кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу боюнча жигердүү иштер улантылып жатат.

“Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” багыты боюнча бир жумада эки аба катам уюштуруу пландаштырылууда. Ошондой эле, Россиянын региондорунан аба каттамдарды уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү Санкт-Петербург шаарынан аба каттам уюштуруу пландаштырылууда. 2020-жылдын 20-мартынан тартып 21-июнга чейин Россиядан Кыргызстанга 51 аба каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 10 миң 904 жарандар Кыргызстанга кайтты. Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбей, ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алданбаңыздар. Аны менен бирге мамлекеттик булактарга гана, элчиликтин сайтына жана элчинин блогуна жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз”, - деп кайрылат элчилик.

Пикир

Оставить комментарий