• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мекенине бараткан памирлик кыргыздар чек арадан ийгиликтүү өтүп кетишти

Коом 0


Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Памирлик кыргыздар 9-июлда КРнын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотовдун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн коштоосунда тажик-афган чек арасынан "Ишкашим" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу өтүштү.

Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, памирлик кыргыздардын коопсуздугун сактоо максатында тажик-афган чек арасына чейин аларды ӨКМнын унаасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин акушер-гинекологу жана Чек ара кызматынын улук офицери коштоп барышкан.

18 памирлик кыргыз чек арадан өтүшүп, Улуу жаан Кичүү Памирди көздөй жолун улашкан.

Пикир

Оставить комментарий