• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчүп келишти

Коом 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар кечээ, 19-августта толугу менен Мина өрөөнүнө көчүп келишти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болочок ажыларды Мина өрөөнүнө жеткирүүдө 38 автобус кызмат кылып, бардыгы сак саламат жетишкен. Ал эми Кыргызстандык ажылар бүгүн багымдат намазынан кийин Арафат өрөөнүнө көчүшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий