• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Меккедеги кыргызстандык зыяратчыларды атайын акысыз автобустар ташууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар үчүн атайын акысыз автобустар ишке киришти, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, учурда Мекке шаарынын Дауар Кудей районунда кыргызстандык ажылар 8 жатканага акысыз жайгашып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

"Ажылыр үчүн уюштурулган 8 автобус айланма жол аркылуу ажыларды мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барса, ал эми калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө 6010 болочок ажы Мекке шаарында өздөрүнүн ажылыкка тиешелүү амалдарын аткарышууда.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий