• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Меккедеги Вакф мекемеси Кыргызстандык ажыларга 1500 орун берди

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Мекке шаарындагы "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" Вакф мекемелеринин жетекчисинин орун басары Мухаммад Амин Мирза, Вакфтын кызматкерлери Абдулло Ислам, Мухаммад Мирза Аалим менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2017-жылдагы Кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу, ар бир ажы жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык орозо айлары менен куттуктап, 2016-жылы ажыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөткөндүгү үчүн аталган мекемеге Кыргызстан ажыларынын, Муфтияттын жана өзүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделишине жана дүйнөнүн ар тарабынан келген ажыларга ар дайым сапаттуу кызматын мындан ары дагы көрсөтүшүнө тилектештигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сауд Араб Падышачылыгынынын Ажылык министрлигинин алдындагы "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" Вакф мекемеси Кыргызстандык ажылар үчүн 1500 орунду камсыз кылышаарын айтып, жатаканада бардык шарттар коюларын баса белгилешти.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Кыргызстандык ажыларды "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" мекемеси 1300 орун менен камсыздаса, "Азия Усто" мекемеси ажыларга 2385 орун берген. Аталган мейманканалардын бардыгы Мекке шаарындагы ыйык "Харам" мечитине жакын жайгашып, ажылардын барып келүүлөрү үчүн кыйынчылык жараткан эмес.

Пикир

Оставить комментарий