• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мексика чек арадагы дубалдын курулушу үчүн акча төлөбөйт

Дүйнө 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Мексиканын тышкы иштер министри Луис Витегарай Касо АКШ менен чек арасындагы дубалдын курулушу үчүн өлкө акча төлөбөй турганын айтты.

Мексика ТИМ башчысы АКШ президенти Дональд Трамптын ФИФА башчысы Жанни Инфантино менен кездешүү учурундагы билдирүүсүнө ушундай мүнөздө жооп берди. Трамп “Мексика акыры аягы дубал тургузуу үчүн акча төлөйт” деген.

Трамптын билдирүүсүнө Мексика президенти Энрике Пенья Ньето да жооп берди. Ал Мексика Кошмо Штаттар менен соода тармагында өз ара пикир табышканына жана эки өлкө ортосундагы мамиленин позитивдүү болгонуна карабай, Мексика бийлиги дубал үчүн эч качан акча төлөбөй турганын айтты.

Трамп Мексика менен АКШнын чек арасында дубал тургузуу үчүн Конгресстен 25 миллиард доллар суроодо. Сенатта учурда болгону 1,6 миллиард доллар бөлүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий