• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мексикадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 90 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. Мексикадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 90 адамга жетти,- деп өлкөнүн Ички иштер министрлиги.

“Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 90 жетти.

Алардын ичинен 71 адам Оахака (штат – ред), 15 – Чьяпас, 4 – Табастан экени айтылууда”,-деп айтылат ведомстванын маалыматында.

Документке ылайык, электрэнергия боюнча Федералдык комиссия өлкө аймагында жарык берүүнүн 99 пайызы, Оахак штатында 90 % калыбына келтирилди.

Мурда 65 адамдын каза болгондугу тууралуу айтылган болчу.

Тынч океандагы Мексиканын жээктеринде 8,2 балга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий