• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын качан колго алат?

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда тогузунчу жана он биринчи классты аяктап жаткан окуучулар аттестаттарын 21 жана 24-июнда колго алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, 9-класстын окуучуларына күбөлүктөрдү тапшыруу иш-чарасы 21-июнь күнү саат 10:00дө башталат.

Ал эми, 11-класстын окуучулары жалпы орто билими тууралуу күбөлүктү 24-июнда ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий