• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация кандай өткөрүлөт? – министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация кандай өткөрүлө тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында, 2-13-июнь күндөрү мектептерде мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация болуп өтөт.

"Ар бир сабак боюнча предметтик комиссия түзүлөт. Класс жетекчи, сынак тапшырылган сабактын мугалими предметтик комиссияга ар бир окуучунун бир жылдагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берет. Предметтик комиссия ал маалыматтардын негизинде жыйынтыктоочу бааны коет. Ал жыйынтыктоочу баа экзамендик баа болуп саналат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий