• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп директордун менчиги эмес, ишин аткара албагандар ордун бошотсун – Ош шаарынын мэри

Аймак 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бүгүн, Ош шаарында мугалимдер, директорлор жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышкан конференция болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да катышып, жакынкы аралыкта мектеп директорлорун ротация кылыш керектигин белгиледи.

"Сынды туура кабыл алгыла. Ош шаарындагы мектептердин берген билим сапаты мени канааттандырган жок. Бир мектепте 20 жыл бою директор болуп келе жаткандар бар. Мектеп директордун менчиги эмес. Мектеп директорлорун жана бала бакчанын жетекчилерин ротация кылгыла. Ал эми, ишин аткара албагандар ордун бошотсун. Бизге сапат, жыйынтык керек", - деди Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий