• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп директорлорун тандоо. Бишкек жана Ош шаарларында жеңүүчүлөр аныкталды

Билим 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларынын мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекиди.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча конкурска 181 адам документ жиберип, андан 49 талапкер документтердин толук эмес пакетин тапшырган.

Тестирлөөгө 129 талапкер катышып, үч адам сынакка келген жок. Бишкек шаарындагы эң жогорку көрсөткүч 87,5 пайызды түздү.

Ал эми Ош шаарындагы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 11 талапкер босого балл (60%) жана андан жогору упай топтоду.

Ош шаары боюнча эң жогорку көрсөткүч 77,5 пайыз болду.

Пикир

Оставить комментарий