• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мектеп директорлорун тандоонун II этабы. Ош облусунда тестирлөө 7-октябрда өтөт

Билим 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Ош облусунун мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн экинчи айлампасы өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, компьютердик тестирлөө Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Тестирлөө үч нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 160дан талапкер катышат. Жалпы ваканттык орундардын саны 172ни түзөт.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча мектеп директорлорун тандоо сынагынын биринчи айлампасы 11-августтан 30-августка чейин өткөн.

Пикир

Оставить комментарий