• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мектеп лигасы: Бишкекте волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Бишкекте кыздар арасында волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп лигасында окуучулар спорттун 11 түрү боюнча күчүн сынашат.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты – Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун андан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорт менен системалуу машыгууга тартуу, балдарды адистештирилген спорттук мектептерге даярдооо жана мектептер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

14-марттан тарта №62 мектеп-гимназиянын спорт залында кыздар арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен жана гимназияларынан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү мектеп байгелүү орундарды ээледи:

- 1 орун — №62 мектеп;
- 2 орун — №1 мектеп;
- 3 орун — №6 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий