• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Мектеп лигасы» программасынын алкагында 150 миңден ашык окуучуну спортко тартуу пландалууда – Шабданбаев

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда «Мектеп лигасы» программасы ишке киргизилүүдө, ал өлкөдө чоң спорттук реформаларга алып келет. Бул тууралуу Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, «Мектеп лигасы» программасы мектеп окуучуларынын арасында массалык спортту жайылтууга багытталган. Аталган программанын алагында спорттун футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу түрлөрү тандалып алынган. Бул командалык оюндар окуучуларды жоопкерчиликтүү болууга жана тартипти сактоого үйрөтөт. Ошондой эле спорттук тартиптүүлүк менен бирге бул программа руханий-патриоттук сезимдерди калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган

«Мектептеги спорттун ырааттуулугун камсыз кылуу Мамлекеттик агенттиктин башкы милдети экендигин белгилей кетүү керек. Мектеп лигасынын программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында, жалпы окуу жылында 150 миңден ашуун мектеп окуучуларын камтууга болот жана бул көрсөткүч жыл сайын өсө берет»,-деп ишендирди Шабданбаев.

Пикир

Оставить комментарий