• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп лигасы: тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Бишкекте мектеп лигасынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта тарта № 91 мектеп-гимназиянын спорт залында тогуз коргоол боюнча кыздар жана уландар арасында мелдештер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен жана гимназияларынан 16дан команда катышты.

Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы боюнча:
- 1-орун - №64 мектеп;
- 2-орун - №1 мектеп;
- 3-орун - №96 мектеп.

Жаштар арасында:
- 1-орун - №51 мектеп;
- 2-орун - №1 мектеп;
- 3-орун - №86 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий