• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектеп окуучулары альтернативалык олимпиадага 18-ноябрдан баштап каттала алышат

Коом 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Мектеп окуучулары альтернативалык олимпиадага 18-ноябрдан баштап каттала алышат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова билдирди.

Маалым болгондой, министрлик мектеп окуучулары үчүн альтернативалык олимпиада өткөрүүдө. Аны өткөрүү үчүн мугалимдерден турган жамаат түзүлгөн.

Мектеп окуучулары математика, биология, химия, физика жана информатика сабактары боюнча эл аралык жарыштарга катышуу үчүн альтернативалык олимпиададан өз күчүн сынай алышат.

"Ноябрь айынын аягына чейин сайттын иштөөсүн текшерүү үчүн сыноо турун өткөрүүнү пландап жатабыз. Олимпиадага катталуу 18-ноябрда башталып, 30-ноябрга чейин уланат. Бардык окуучулар өз билимин текшериш үчүн бир катар иштерди аткарып жатабыз", - дейт Кусеинова.

Пикир

Оставить комментарий