• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын 1-этабы өттү

Билим 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын алкагында зээндүү мектеп окуучуларын табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында альтернативдүү олимпиада өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын биринчи этабы 16-17-январь күндөрү - информатика жана физика сабактар боюнча өткөн.

Альтернативдүү олимпиада 4 этап менен өткөрүлөт.

  • I этап - январь. Онлайн режимде.
  • II этап - февраль. Онлайн режимде.
  • III этап - март. Офлайн режимде.
  • IV этап - апрель. Офлайн режимде.

Олимпиаданын I этабын төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

  • 2021-жылдын 16-17-январында - информатика жана физика;
  • 2021-жылдын 23-24-январында - математика жана химия;
  • 2021-жылдын 30-31январында - биология.

Олимпиадага катышуу үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш.

Математика - unite.kg

Биология - https://www.olympiadleague.com

Физика- https://kstu.kg/olimpiada-po-fizike

Информатика жана химия - https://olympiads.kg/contests

Пикир

Оставить комментарий