• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мектеп окуучулары үчүн каникул учурунда китепкана онлайн режимде иштейт

Билим 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдардын жана жаштардын китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы – онлайн кызматын сунуш кылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ал үчүн, bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек. Ар бир билдирме өз алдынча дыкат каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн, суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек. Бир да билдирме көз жаздымга калтырылбайт. К.Баялинов – онлайн жаңы кызматына кош келиңиздер!

Пикир

Оставить комментарий